20:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстандыктар тамак-ашты көп жеп башташты

Казакстандыктар тамак-ашты көп жеп башташты. Бул тууралуу Ranking.kz. сайтында жарыяланган иликтөөдө көрсөтүлөт.

Маалыматта, өлкөдө баалардын жогорулашы, реалдуу кирешелердин төмөндөшү менен жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр аз тамактанууга мажбур болуп жаткандыгы айтылат. Анткен менен, 2017-жылдын биринчи чейрегинде казакстандык үй-бүлөлөр жалпы керектелүүчү чыгымдардын 45 пайыздан ашыгына азык-түлүк сатып алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айында 44,4 пайыз болчу. Талдоочулардын баамында, бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Иликтөөнүн авторлору 2015-жылдан бери азык-түлүк чыгымдары өсүп жатканын баса белгилешүүдө.

2016-жылдын биринчи чейрегинде колунда бар калктын 10 пайызы аз камсыз казакстандыктардын 10 пайызына караганда эки жарым эсеге көбүрөөк азык-түлүк колдонушкан. Иликтөөгө ылайык, бул ажырым быйыл (январдан мартка чейин) 8 пайызга жогорулаган. Мындан улам серепчилер Казакстанда бай менен кедей ортосундагы айырмачылык өсүп бара жатканын белгилешет.

Эң көп окулган жаңылыктар