20:41
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ИИМ: Интернетке тараган видеолор боюнча иликтөө жүрөт

Ички иштер министрлиги журналисттерге каршы жашыруун жаздырылган, каралаган видеолорду тараткандарды иликтейт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

«Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аны менен чогуу иштегендер тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган, каралаган аудио, видеолор боюнча кайрылуулар болсо иликтенет», — деди Аширходжаев.

Министрдин орун басары иликтөөчү журналист Болот Темировду шектүү катары кармоо жараяны жана анын кармалышы боюнча иш да иликтенип жатканын да кошумчалады.

Аширходжаевдин айтымында, «кармоо учурунда күч кызматкерлери журналисттин чөнтөгүнө баңгизат салып койду» деген дооматтар өзүнчө каралып жатат.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн.

Кармалгандардын тарапкерлери күч органдары маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып чыгышкан. Андан кийин автору белгисиз видеолор тарап, аны «адамдын жеке жашоосуна кийгилишүү», «ыплас ыкма», журналисттерди коркутуу" деген сындар айтылган.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде, төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар