13:55
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Кыргызстандагы банктардын 16сы чет элдик капиталдын катышуусу менен иштейт

Кыргызстандагы 23 банктын 16сы чет элдик капиталдын катышуусу менен иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, региондордо банктардын 316 филиалы иш алып барат.

Коммерциялык банктар 2021-жылы кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5% көбөйүп, 36 млрд. сомду түздү.

Банк тармагында 17 миңге жакын жумушчулар иштейт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 5 миллионго жетти.

2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде 24% көбөйүп, 358 млрд. сомду түздү.

2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 180 млрд. сомду ашып жана 2020-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 11% көбөйдү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, керектөө муктаждыктары жана ипотека саналган.

Эң көп окулган жаңылыктар