23:58
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 1 кишиден вирус аныкталды

Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус дагы 1 адамдан аныкталды. Вирус жугузган адам Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 11 адам дарыланууда.

«Ал эми бир суткада 4 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар