Тажик тарап «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу «Байкар Макина» компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн жок. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мекеме өз ишенимдүү булактарына таянуу менен Тажикстан менен Түркия учкучсуз учактар боюнча келишим түзбөгөнүн белгилейт.
«Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт», — дейт УКМК.

