21:25
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Ысык-Көлдөгү пансионаттарга тазалоочу курулмасыз иштөөгө тыюу салынды

Садыр Жапаров «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

— Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;

— кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.

2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.

3. Кыргыз министрлер кабинети:

— 2022-жылдын 1-июлуна чейин өзүнүн жыйналышында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамынын, өкмөттүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 «Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомунун, президенттин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Ысык-Көл облусунун шаарларынын мэриялары тарабынан аткарылуу маселесин карасын;

— 2023-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону;

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну;

— 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ушул Жарлыкты ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн караштырсын.

3. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети 2023-жылдын 1-январына чейин «2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү» комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана бекитсин.

Программанын максаты — Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын адам ишинин, техногендүү жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө тийген терс таасиринен сактоо.

Программанын милдеттери:

— Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу;

— өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле абдан булганган аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

— Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу;

— Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана кайра өндүрүү;

— Ысык-Көлдүн экологиялык системасына мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү;

— Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби