07:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектеги ири базарлар ар дүйшөмбү сайын жабылат

Орто-Сай жана Ош базарларынын башчылары ар дүйшөмбү сайын дезинфекциялоо иши жүрөрүн жарыялашты. Тактап айтканда дүйшөмбү күндөрү базарлар иштебейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы Twitter жеке баракчасы аркылуу маалымдады.

«Пландык тазалоо, ирээттөө жана дезинфекциялоо ар бир күнү кечинде жүргүзүлөт. «Беш-Сары» администрациясы дезинфекциялоо тунелин орнотту», — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Ленин районунун акими Токтосун Султанов 24.kg агенттигине ар дүйшөмбү күнү бардык базарлар жабыларын билдирди. Аны менен катар райондун аймагындагы кичи базарлар дагы иштебейт.

«Кээ бирлеринде санитардык күн жума күнү болот», — дейт Токтосун Султанов.

Ленин районунда Ош базары, «Баткен», «Дордой-Дыйкан», жана «Уста» базары жайгашкан.

Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов 24.kg агенттигине дезинфекциялоо үчүн Аламүдүн базары дагы бүгүн жабыларын айтты.

Анын айтымында, «Дордой» базарын бир күндө дезинфекциялоо мүмкүн эмес.

«Дордой базары 30 гектар жерди ээлейт, анын баарын бир күндө тазалоого жетишишпейт. Ошондуктан, администрация жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте 10 күндүн ичинде тазалоо чечими кабыл алынды. Базарда 50гө жакын узун катар бар, кызматкерлер күнүнө бештен катарды тазалашат. Дезинфекция 16:00дөн кечке чейин жүргүзүлөт. Алар менен бир эле циклди эмес, колдон келсе андан ашыгын тазалоо тууралуу макулдаштык. Администрация жоопкерчилигин алып, жабдуулар менен камсыздап, дезинфекция ишин башталган. Акыркы бир нече күндүн ичинде 25 катарды дезинфекциялап бүтүштү», — деп кошумчалады Мурат Осмонов.

Эске сала кетсек, Бишкек шаары коронавирустун жайылышы боюнча алдыда турат. Кыргызстан боюнча 3 миң 356 бейтап болсо анын 1 миң 148и Бишкекте аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума