01:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкектеги архитектуралык эстеликтер жуулат

«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаада жайгашкан архитектуралык эстеликтерди жууп баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ишкананын эсебинде 39 эстелик бар.

«Жазгы жана жайкы мезгилдерде эстеликтердин тазаланышы жана жылтыратуу иштери график боюнча жүргүзүлөт. Тазалоо иштеринде жуугуч каражаттар кошулган суу колдонулат. Ошондой эле, көчөлөрдүн жуулушу да уланып жатат. Тазалоо үчүн 26 атайын техника даяр жана кызмат кылууда», -деп билдиришти мэриядан.

Эң көп окулган жаңылыктар