13:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча үч жылдык программа бекитилди

Министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга адамсатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын — жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адам сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.

Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

— адам сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра жиберүүгө багытталган адам сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;

— адам сатуунун алдын алуу;

— адам сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;

— адам сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;

— адам сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.

Эң көп окулган жаңылыктар