06:52
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тышкы иштер министр алмашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тышкы иштер министрлигинин жамаатына жетекчи милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевди тааныштырды.

Кожошев жаңы министрдин дипломатиялык кызматтагы практикалык иш тажрыйбасы жана жогорку кесипкөйлүгу тууралуу жылуу пикирин билдирип, Жээнбек Кулубаевдин жогорку квалификациясы президент тарабынан түзүлгөн мамлекеттин тышкы саясий багытын тутумдуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте ага жүктөлгөн ишенимди актоого бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар