10:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери алмашты

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери алмашып, Нурбек Алимбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов шайланды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Нурдиновду он сегиз депутаттын он экиси колдоп берди.

Нурбек Алимбеков Айыл чарбасы боюнча парламенттик комитетин жетектейт. Мыйзам боюнча бир эле маалда фракцияны да жетектей албайт.

Нурбек Алимбековдун айтымында, ал кесиптештеринин тандоосу менен макул, бирок лидерликке Канат Исаев татыктуу экенин билдирди.

Фракцияда лидер алмашканы боюнча Канатбек Исаев комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар