07:52
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 15 бейтап, амбулатордук түрдө 33 адам дарыланууда.

«Ал эми бир суткада 10 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 7, Чүй облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 351 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума