18:42
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

2022-2024-жылдарга карата Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди

2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган документти кабыл алуу Бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Мындан улам министрлер кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жана 2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү чечими кабыл алынган.

Белгилесек, 2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар