16:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 72 бейтап, амбулатордук түрдө 13 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 268 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар