23:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте жатаканада чыккан өрттөн төрт киши жабыркады

Бишкектеги окуу жайлардын биринин жатаканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Финансы-экономикалык техникумдун жатаканасындагы өрттөн төрт киши жабыркады. Экөө  бутун айнеке кестирип алган, дагы экөө иске ууланган. 

Ошондой эле 22 жаштагы А.А. аттуу аял киши, 14 жаштагы А.Д. аттуу кыз, эки жаштагы Э.Э. аттуу бала, 17 жаштагы Ө.Э. аттуу өспүрүм өрт өчүрүүчүлөр тарабынан куткарылган.

Өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар