23:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте жылуулук берүү 4-апрелден тарта өчүрүлөт

4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология башкармалыгынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.

Эске салсак, бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо керектөөчүлөр жылуулуктан өчүрүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакынкы аралыкта борбор калаада 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгилин аяктоо боюнча буйрукка кол коет.

Эң көп окулган жаңылыктар