12:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Активист Айсулуу Кудайбердиевага карата административдик иш козголду

Активист Айсулуу Кудайбердиевага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренесине ылайык дагы бир иш козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ал өзү билдирди.

Анын айтымында, кечээ Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Асылбек Абдылдаев ага телефон чалып, фотокабарчы Игорь Коваленкодон арыз түшкөнүн билдирген.

«Ал укук коргоо кызматкерлеринене кайрылып, мен аны кемсинтип, камерасына зыян келтиргем деп айтыптыр. Бул окуя Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында февраль айында өткөн Украинаны колдоо митингдеринин биринде болгон. Күлкүм келди. Ал митингде менден эки эсе чоң киши мени түртүп, уят сөздөрдү айтып, орой сүйлөгөн эле. Ошодо мен анын кылыгын телефонума тарта баштагам, ал да мени тарта баштады. Мен анын камерасын колум менен түртүп жиберсем, ал мага тап бергенде, милиция ортобузга түшө калды. Мен ага ачууланбайм, себеби ал элдин оозун жаап туруучу бийликтин куралы эле», — деди ал.

Бүгүн активист Коваленкого каршы тосмо доо жадзы. Иш жакында сотко өткөрүлөт.

Буга чейин Равшан Жеенбековдун тарапкери Айсулуу Кудайбердиева 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталган эле. УКМК биринчи жолу аны 2021-жылдын 29-сентябрында суракка чакырган. Кийин анын үйүн тинтишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар