21:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кинотеатрлар 19-ноябрдан тарта өз ишин жандандырат

Эртең кинотеатрлар өз ишин жандантат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдагы өз булагы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим акыркы отурумда кабыл алынган. Бирок расмий буйрук чыга элек.

Болжолу менен, бүгүн түштөн кийин кинотеатрлардын ачылышы тууралуу буйрук Бишкек мэриясына жеткизилет.

Коронавирус инфекциясынын тароосуна бөгөт коюп, дистанция сактоо максатында көрүүчүлөрдү ортосуна бир орундукту бош калтырып жайгаштыруу талабы коюлган.

Эске салсак, COVID-19 таркай баштаганда кинотеатрлар биринчилерден болуп карантинге жабылган. Алар сегиз айдан бери өз ишин жанданта албай, чыгым тартууда.

Эң көп окулган жаңылыктар