21:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында кышкы жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

Жобо боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта Ош шаарынын аймагында жылуулук өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар