16:14
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 14 кишиден вирус аныкталып, эки адам каза болду

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирус дагы 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 11, Чүй облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 13 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 5, Ош облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 57 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 923 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар