00:49
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 13 кишиден вирус аныкталып, бир адам каза болду

Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус дагы 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 13 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 11 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 4, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 92 бейтап, амбулатордук түрдө 50 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 181 киши айыгып чыкса, 2 миң 985 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар