11:07
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 11 кишиден вирус аныкталып, бир адам каза болду

Кыргызстанда 18-мартка карата коронавирус дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 31 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 6, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 97 бейтап, амбулатордук түрдө 122 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 787 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 16 киши айыгып чыкса, 2 миң 977 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар