07:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 16 кишиден вирус аныкталып, бир адам каза болду

Кыргызстанда 11-мартка карата коронавирус дагы 16 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 8, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 121 бейтап, амбулатордук түрдө 167 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 758 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 786 киши айыгып чыкса, 2 миң 974 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар