19:49
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Кыргыз-тажик чек арачыларына чек арада курал колдонууга тыюу салынды

Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын орун басарлары жетектеген атайын комиссия түзүлдү. Бул боюнча чечим 12-мартта «Гулистан» постунда өткөн жолугушууда кабыл алынды.

Жолугушууга КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМК Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, КР ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты.

Ал эми тажик тараптан Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, ошондой эле жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Комиссияга суу чарба кызматкери дагы кирип, алар арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо, көпүрөлөрдү оңдоо иштерин көзөмөлдөйт.

Андан тышкары, чек арада катталган мал уурдоо боюнча тез арада маалымат алмашып, кайра мал ээсине малдарды толук кайтарып берүү макулдашылды.

Чек ара аймагында дрон (БПЛА) учурууга тыюу салынды.

Ал эми чек арачылар эки тараптуу келишимдерди так сактап, мыйзамда көрсөтүлгөн учурдан башка учурда курал колдонбоону макулдашышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар