17:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 11 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор жок

Кыргызстанда 14-мартка карата коронавирус дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында — 11 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 23 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 5, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 6, Ош облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 184 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 742 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар