16:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Атыр Абдырахматованын талапкерлигин акыйкатчысы кызматына жактырылды

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдырахматованын талапкерлигин жактырды.

2-марттагы жыйынында депутаттар акыйкатчылыкка талапкер төрт кишинин арасынан көпчүлүк добуш менен Абдрахматованы тандашты. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлдү.

Ушул эле күнү Абдрахматова ант берип, кызматка киришти.

Акыйкатчылыкка андан тышкары, Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаев да көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар