17:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 22 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 28-февралга карата коронавирус дагы 22 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Ысык-Көл облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 105 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 56, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 19, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 187 бейтап, амбулатордук түрдө 620 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 161 киши айыгып чыкса, 2 миң 957 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар