17:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салды

Президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарганын билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Ал мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгиледи жана буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо «тоок дагы сойдурбай койгонун» мисал кылды.

«Колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ооба, бул жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, «үч бодо даярдадык, жетеби» деп сурашты. Мен «кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар» деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар «алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз» деп, мени ынандырганга аракет кылышты. «Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам» деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, «ушул туура эле болот экен» деп кеткендер көпчүлүктү түздү. Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер.

Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем», — деп жазды Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар