10:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 14 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-февралга карата коронавирус дагы 14 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында - 4,  Талас облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 137 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 76, Ош шаарында — 11, Чүй облусунда — 18, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 8 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 402 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 664 киши айыгып чыкса, 2 миң 950 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар