01:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ чегинен чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган.

Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар