USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

09:26, 14 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комитети билдирди.

11-февралда президент Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатинин кезексиз жыйынында жаш жетекчилерге орун бошотуу боюнча оңой эмес чечим кабыл алганын айткан. Түркмөн президенти эки жыл мурун пайгамбар жашына чыкканын белгилеген.

Бердымухамедов 2007-жылдан бери Түркмөнстандын президенти. Ал парламенттин жыйынында 15 жыл мурун шайланганын белгилеген. ЖМКлар муну менен түркмөн лидери чарчаганын ишарат кылганын жазышууда.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов түркмөн президентинин жалгыз уулу. Ал экономика боюнча вице-премьер кызматын аркалайт. Былтыр ноябрдан бери президент уулуна өлкөнүн мунайгаз комплексин көзөмөлдөөнү тапшырган.

Гурбангулы Бердымухамедов «Аркадаг» титилуна ээ. Андан мурдагы президент Сапармурат Ниязовдо Түркмөнбашы наамы болгон.

Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Бийлик жарандардын маалымат алуу укугун чектеп келет. Өлкөдө Facebook, Twitter социалдык түйүндөрү, YouTube жана көптөгөн маалымат агенттиктери бөгөттөлгөн.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика