01:36
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 46 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 14-февралга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 31, Чүй облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 236 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 162, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 20, Ош облусунда — 5, Нарын облусунда — 8, Талас облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 9 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 485 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 119 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 66 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 971 киши айыгып чыкса, 2 миң 930 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар