11:03
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 69 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-февралга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 31, Чүй облусунда — 16, Талас облусунда -3, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 274 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 214, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 25, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Баткен облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 585 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 597 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 890 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 232 киши айыгып чыкса, 2 миң 920 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар