18:53
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 97 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 9-февралга карата коронавирус дагы 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 53, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 23, Ош облусунда - 1, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 282 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 209, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 28, Ош облусунда — 7, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 14 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 714 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 679 киши айыгып чыкса, 2 миң 913 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар