18:08
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 98 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 87-февралга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 38, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 43, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 308 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 240, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 23, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 12, Баткен облусунда — 17 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 995 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 617 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 909 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар