02:00
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус дагы 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 63, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 6, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 380 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 316, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 19, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 21 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 519 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 89 киши айыгып чыкса, 2 миң 905 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар