14:50
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 202 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус дагы 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 107, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 46, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 7 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 591 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 415, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 107, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 21, Баткен облусунда — 19 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Нарын облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 966 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 784 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 164 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 983 киши айыгып чыкса, 2 миң 896 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар