20:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектен Жиддага түз каттам ачылышы мүмкүн

«Бишкек-Жидда» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды аткаруу пландаштырууда. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-февралында «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы «Бишкек-Жидда» багыты боюнча биринчи чартердик каттамды аткарат.

Каттам жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат, андан ары каттамдардын санын жумасына төрткө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Ош жана Жидда шаарларындагы аэропорттордун каттоо системаларын интеграциялоо иштери аяктагандан кийин «Эйр Манас» авиакомпаниясы «Ош-Жидда» багыты боюнча да аба каттамдарын ачууну пландоодо.

Билдирүүдө айтылгандай, кошумча маалымат алуу үчүн «Эйр Манас» авиакомпаниясынын кеңселерине кайрылуу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар