11:17
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 201 кишиден вирус аныкталып, беш бейтап каза болду

Кыргызстанда 2-февралга карата коронавирус дагы 201 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 104, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 36, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 12 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 632 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 415, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 135, Ош облусунда — 10, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 25, Баткен облусунда — 21 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 996 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 530 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 719 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 775 киши айыгып чыкса, 2 миң 889 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар