02:38
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 202 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-февралга карата коронавирус дагы 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 69, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 69, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 14 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 547 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 372, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 127, Ош облусунда — 10, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 2, Ысык-Кол облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 9 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 63 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 903 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 518 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 884 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар