05:44
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик жаран кармалы

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматында, М.Д.А. аттуу жаран өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Кармалган чет элдик жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар