01:21
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 356 кишиден вирус аныкталып, беш бейтап каза болду

Кыргызстанда 28-январга карата коронавирус дагы 356 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 216, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 88, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 12 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 604 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 439, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 106, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 21, Баткен облусунда — 12 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 104 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 180 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 771 киши айыгып чыкса, 2 миң 867 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар