2022-2023-окуу жылына балдардын мектепке электрондук кабыл алуусу жеңилдетилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, 6-7 жаштагы балдарды электрондук кабыл алуу өлкө аймагынын бардык мектептеринде ишке ашырылат.
"Адам фактору мүмкүн болушунча алынып салынды. Ал эми системага кирүү ушул жылдын апрелдин экинчи дүйшөмбүсүнөн тартып июнь айынын акыркы жумасына чейин жүргүзүлөт. Ошондой эле паспорттун көчүрмөсү, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жашаган жери боюнча маалымкатты тиркөөнүн кереги жок», — дейт министрдин орун басары
Жусупбекова аскер кызматкерлеринин, этникалык кыргыздардын (кайрылмандар), билим берүү уюмдарында бир жылдан кем эмес иштеген мугалим жана кызматкерлердин балдарына артыкчылык берилерин белгилейт.
«Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча 1-класска окуучуларды кабыл алуу электрондук каттоо системасынан тышкары мектепке түз кабыл алуу менен ишке ашырылат. Мындан сырткары, өлкөдөн сырткары жүргөн ата-энелер балдарын электрондук түрдө каттай алат. Быйыл балдарды 1-класска кабыл алууда алардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү, экзамен, тест, аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. Эгер каалап жаткан мектепте орун калбай калса, анда ата-эне бош болгон мектепке каттоодон өтсө болот. Каттоого үлгүрбөй, керектүү документтерди тапшырууга жетишпей калган же окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне бош оруну бар окуу жайды тандап, каттоого тура алат», — деди министрдин орун басары.
Ата-энелер системага паспортундагы ИНН номерин, айрым маалыматын жана баланын күбөлүгүнүн номерин киргизип, каттоодон өтөт.

