16:28
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 426 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус дагы 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 314, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 44, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда — 22 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 589 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 418, Ош шаарында — 11, Чүй облусунда — 103, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 17, Баткен облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 176 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 780 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 183 миң 517 киши айыгып чыкса, 2 миң 85143 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар