00:40
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 788 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 21-январга карата коронавирус дагы 788 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 523, Ош шаарында — 12, Чүй облусунда — 137, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 28, Баткен облусунда — 30 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 284 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 163, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 58, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 75 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 429 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 816 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 976 киши айыгып чыкса, 2 миң 843 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар