08:16
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 870 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-январга карата коронавирус дагы 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 600, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 161, Ош облусунда — 16, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 23, Баткен облусунда — 27 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 266 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 149, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 55, Ош облусунда — 10, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 23, Баткен облусунда — 14 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 40 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 961 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар