15:52
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 870 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 19-январга карата коронавирус дагы 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 627, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 141, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда — 28 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 201 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 108, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 28, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 21, Баткен облусунда — 15 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 20 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 383 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 192 миң 158 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 426 киши айыгып чыкса, 2 миң 838 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар