18:10
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 586 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 14-январга карата коронавирус дагы 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 435, Ош шаарында — 22, Чүй облусунда — 49, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 37, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 111 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 53, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 17, Баткен облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Баткен облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 660 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 490 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 188 миң 206 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 740 киши айыгып чыкса, 2 миң 827 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума