18:10
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 465 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 12-январга карата коронавирус дагы 465 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 354, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 60, Ош облусунда — 16, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 53, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 523 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 514 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 529 киши айыгып чыкса, 2 миң 823 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума