17:17
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 348 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-январга карата коронавирус дагы 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 244, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 38, Ош облусунда — 16, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 7 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 85 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 50, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 12, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 196 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар